"Алай" менен "Дордой" АФК кубогунун башталышын жеңилүү менен баштады

© © SputnikФутбольный матч "Дордой и "Истиклол" в Душанбе
Футбольный матч Дордой и Истиклол в Душанбе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын чемпиону "Алай" менен мурдагы чемпион "Дордой" футбол клубдары бир тайпага туш келди. Алар Тажикстандын жана Түркмөнстандын командалары менен беттешип, бир жолдомо үчүн ат салышат.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстандын "Алай" (Ош) менен "Дордой" (Бишкек) командалары Азия футбол конфедерациясынын кубогунун баштапкы этаптарын жеңилүү менен баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол лигасы билдирди.

© пресс-служба мэрии города ОшКыргызстандын "Алай" футбол клубу
Кыргызстандын Алай футбол клубу - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кыргызстандын "Алай" футбол клубу
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын "Дордой" футбол клубу
Кыргызстандын Дордой футбол клубу - Sputnik Кыргызстан
2/2
Кыргызстандын "Дордой" футбол клубу
1/2
Кыргызстандын "Алай" футбол клубу
2/2
Кыргызстандын "Дордой" футбол клубу

Эки беттеш тең шейшемби күнү өткөн.

Биринчилерден болуп Ош шаарында "Алай" менен Түркмөнстандын "Алтын Асыр" командалары беттешкен. Оюн 1:2 эсебинде түркмөнстандык команданын пайдасына чечилген.

Футбол күйөрмандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футбол: Кыргызстан — Макао беттешинин билеттери 18-марттан тарта сатыкка чыгат
"Дордой" командасы Душанбе шаарында "Истиклолу" менен ойноп, 2:0 эсебинде утулуп калган.

Кыргызстандын чемпиону "Алай" менен мурдагы чемпион "Дордой" футбол клубдары бир тайпага туш келди. Алар Тажикстандын жана Түркмөнстандын командалары менен беттешип, бир жолдомо үчүн ат салышат.

4-апрелде Кыргызстандын эки командасы бири-бири менен беттешет. Андан сырткары, Түркмөнстандын "Алтын Асыр" командасы менен Тажикстандын "Истиклол" командалары оюн өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0