АКШдагы турнирде ММА мушкерлери бири-бирин нокаутка жыгышты

© SputnikПоединок бойцов на турнире по смешанным единоборствам Shamrock FC 285. Фото со страницы Youtube пользователя Shamrock FC
Поединок бойцов на турнире по смешанным единоборствам Shamrock FC 285. Фото со страницы Youtube пользователя Shamrock FC - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канзас-Ситиде өткөн эки мушкердин беттеши, биринчи раундда эле аяктап калган.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. АКШда өткөн Shamrock FC 285 деп аталган аралаш мушташ турнириндеги беттеш күтүүсүздөн бир убакыттагы нокаут менен жыйынтыкталган. Бул тууралуу Fighting ММА мушкер уюмунун расмий сайтында маалымдалган. 

Руки мужчины сжатый в кулак. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Дагестандагы ММА чемпионатында массалык мушташ чыкты
Беттеш ММА мушкерлери Аксел Касарес менен Алан Васкестин ортосунда жүрүп жаткан. Оюндун биринчи раундунда көрүүчүлөргө таң калтырган окуя болгон. Анда эки мушкер тең бир убакытта беттерине уруп, бирдей жыгылып калышкан. Бирок, Васкес каршылашы өзүнө келгиче биринчи туруп кетүүгө үлгүргөн. Жыйынтыгында калыстар тобу жеңишти Васкеске ыйгарышкан.

Мушташ ушул дем алыш күндөрү АКШнын Миссури штатындагы Канзас-Сити шаарында өткөн. Ал эми видеоролик мушкерлер уюмунун расмий YouTube каналына жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0