Бишкекте өспүрүмдөр арасындагы мыкты шахматчылар аныкталат

© AP Photo / Mark LennihanШахматчы. Архив
Шахматчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорттук иш-чараны өткөрүүгө олимпиадалык эмес спорттун түрү боюнча дирекция 147 миң сом бөлгөн.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында шахмат боюнча президенттин кубогу үчүн балдар арасында мелдеш болот. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Төртүнчү жолу өтө турган мелдеш 17-марттан 26-мартка чейин Агрардык университеттин китепканасында өтөт. Анда 14 жашка чейинки балдар жана кыздар ат салышат.

Спорттук иш-чараны өткөрүүгө олимпиадалык эмес спорттун түрү боюнча дирекция тарабынан 147 миң сом бөлүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0