Нарындык 6-класстын окуучусу күрөш боюнча эл аралык мелдеште алтын тагынды

© Фото / Кенжебай КыдыровУченица шестого класса из Нарына Жаркынай Нурлан кызы
Ученица шестого класса из Нарына Жаркынай Нурлан кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан барган 170тен ашуун балбан кыздар катышкан.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Нарындык Жаркынай Нурлан кызы эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу өздүк кабарчы жеринен билдирди.

Маалыматка ылайык, март айынын башында Казакстандын Түркестан шаарында кыздар арасында эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өткөн.

"Жаркынай Нурлан кызы бардык атаандаштарын жеңип, 1-орунду ээледи. 15-17 жаштагы кыздар арасында өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык мелдешке Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан барган 170тен ашуун балбан кыздар катышкан", — деди кабарчы.

Жаркынай Нурлан кызы 12 жашта. Ал Нарын шаарындагы А.Үсөнов атындагы жатак мектебинде 6-класста окуйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0