Бишкекте универсиаданын финалдык оюндары өтүүдө

Жазылуу
Аталган мелдештерди өткөрүү үчүн 4 миллион 584 миң сом каралган.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында өлкө боюнча универсиадалык жарыштардын финалдык оюндары өтүүдө. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Спорттук мелдештер 28-февралдан 21-апрелге чейин уланып, ага 38 окуу жайдын спортчулары катышууда.

"Студенттер баскетбол, стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол, волейбол, теннис, оор атлетика, грек-рим күрөшү, эркин күрөш, футбол, дзюдо, бокс, сууда сүзүү, жеңил атлетика, самбо, ордо боюнча күч сынашууда", — деп жазылат маалыматта.

Аталган мелдештерди өткөрүү үчүн 4 миллион 584 миң сом каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0