Кыргызстандык 4 дзюдочу Бакудагы турнирге катышат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДзюдо. Чемпионат Европы. Второй день
Дзюдо. Чемпионат Европы. Второй день - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дзюдо боюнча эл аралык мелдештер арасында "Чоң шлем" турнирлери Олимпиада оюндары, дүйнө чемпионаттары жана "Мастерстен" кийин төртүнчү орунда турат. Булар Гран-при жана континенталдык чемпионаттардан дагы бийик бааланат.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстандык төрт дзюдочу Baku Grand Slam 2017 турнирине катышары Дзюдо боюнча эл аралык федерациянын расмий сайтына жарыяланды.

UFCтин жеңил салмактагы убактылуу чемпион титулуна ат салышкан россиялык Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттеши - Sputnik Кыргызстан
UFC: Хабиб менен Фергюсондун беттешин "сактап" калууга мүмкүнчүлүк бар эле
Дзюдо боюнча эл аралык мелдештер арасында "Чоң шлем" турнирлери Олимпиада оюндары, дүйнө чемпионаттары жана "Мастерстен" кийин төртүнчү орунда турат. Булар Гран-при жана континенталдык чемпионаттардан дагы бийик бааланат. Олимпиадада биринчи орунду алган спортчу рейтингдик 1 000 упай топтосо, "Чоң шлемде" — 500, ал эми континент биринчилигиндеги мыктылыгы үчүн — 400 упайга татыйт.

Турнирге жалпысы 32 мамлекеттен 204 спортчу катышат. Кыргызстандын атынан Баяман Сагынбай уулу (60 кг чейин), Ишен Аманов (73 кг), Эрлан Шеров (81 кг) жана Шахриер Идрисов (90 кг чейин) катышканы жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0