11:36 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
UFCтин жеңил салмактагы убактылуу чемпион титулуна ат салышкан россиялык Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттеши

UFC: Хабиб менен Фергюсондун беттешин "сактап" калууга мүмкүнчүлүк бар эле

© AP Photo / John Locher
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
112530

Буга чейин ЖМКлар Нурмагомедов салмагын арылтууда ден соолугуна зыян келтирилгени үчүн ооруканага жатып калганын жазган болчу.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. UFCтин жеңил салмактагы убактылуу чемпион титулуна ат салышкан россиялык Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттеши өтпөй калды. Бул туурасында РИА Новости UFCтин сайтына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Буга чейин ЖМКлар Нурмагомедов салмагын түшүрүүнү көздөп жатып ден соолугуна зыян келтирип алганын жазган. Мунун айынан ага дарыгерлер мелдешке чыгууга тыюу салганы айтылган.

Ал эми UFC уюмунун жетекчиси Дана Уайт беттешти токтотпой, өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар болгонун билдирди. 

"Нурмагомедовдун командасы аны Лас-Вегастагы кайсы бир ооруканага алып барууну чечкен. Негизи биздин эле дарыгерге чалышса болмок. Алар өз алдынча чечим чыгарып, эреже бузушту. Бардык талаптарды сактоо менен беттешти үзгүлтүккө учуратпоого болот эле", — деди Дана Уайт.


UFCтин убактылуу чемпиондугун багындыруу үчүн россиялык жана америкалык мушкер 5-марттын түнүндө Лас-Вегаста беттешмек. Нурмагомедов мындан жеңишке жетишсе карьерасында 25-беттешин утмак.

Тема боюнча

Шевченко атаандашы Пеньяны утуп, UFC боюнча чемпиондукка талапкер болду
Айсулуу Тыныбекова дүйнөдөгү эң мыкты беш балбандын катарына кирди
Белгилер:
беттешүү, Хабиб Нурмагомедов
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ