Таласта өспүрүмдөр арасында бокс боюнча өлкө биринчилиги өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный турнир по боксу, посвященный заслуженному тренеру Виктору Асташенкову
Международный турнир по боксу, посвященный заслуженному тренеру Виктору Асташенкову - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке өлкө аймактарынан 200дөй мушкердин келиши күтүлүүдө.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Таласта бокс боюнча өлкө чемпионаты өркөрүлөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.

Турнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын ММА боюнча мушкерлери аялдардын эл аралык күнүндө беттешет
Маалыматка ылайык, 22-марттан 27-мартка чейин 16-17 жаштагы өспүрүмдөр арасында бокс боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Анда спортчулар 15 салмак категориялары боюнча ат салышат.

Мелдешке өлкө аймактарынан 200дөй мушкердин келиши күтүлүүдө. Спорттук иш чара СССРдин спорт чебери, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Кадыркул Дүйшөновдун жаркын элесине арналган.

Жаңылыктар түрмөгү
0