Россияда өтчү оор атлетика боюнча мелдешке кыргызстандык ардагер катышат

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүУниверсиада. 5-й день. Тяжелая атлетика
Универсиада. 5-й день. Тяжелая атлетика - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекендешибиз 50-54 жаштагылар арасында 77 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашат.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстандык ардагер спортчу Азизбек Куйкеев Россиядагы чемпионатка катыша турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин өкүлү Нурпери Садырбекова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Нурпери Садырбекова: айрым спортчулар айына 45 миң сомдон стипендия алып турат
Маалыматка ылайык, 16-марттан 19-мартка чейин Москвада шаарында оор атлетика боюнча ардагерлер арасында Россиянын биринчилиги өтөт.

Куйкеев 50-54 жаштагылар арасында 77 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашат.

Ардагер буга чейин мындай эл аралык мелдештерде бир топ жеңиштерди багындырган. Алсак, 2013-жылы спорттун чеберлери арасында дүйнө чемпиону болсо, 2014-жылы күмүш медалга татыган. Андан сырткары, оор атлетика боюнча дүйнөлүк кубок үчүн 2014-жылы Азербайжанда жана былтыр Японияда өткөн турнирлерде күмүш медаль тагынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0