Кыргызстанда волейбол сезону башталды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүВолейбол оюнчулары. Архив
Волейбол оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн учурдагы чемпиондору Ысык-Көлдүн "Жаңы-Муун" клубу.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте эркектер арасында волейбол боюнча сезон старт алат. Мелдеш улуттук жана жогорку болуп эки лигада өтөт. Бул туурасында Волейбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Сууда сүзүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр Германиядагы эл аралык мелдешке катышат
Командалар өз лигасында үч тур ойноп, эң көп упай топтогон тайпа жеңүүчү болуп аныкталат. Улуттук лигада артта калган тайпа менен жогорку лигадан аз упай алгандар лига алмашып ойнойт. Ал эми Бешинчи топ (улуттук лига) менен экинчи (жогорку лига) Улуттук лиганын жаңы сезонунда кирүү үчүн таймашышат.

Белгилей кетсек, өлкөнүн учурдагы чемпиондору Ысык-Көлдүн "Жаңы-Муун" клубу.

Жаңылыктар түрмөгү
0