Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр Германиядагы эл аралык мелдешке катышат

Жазылуу
Мелдеш 3-марттан 12-мартка чейин созулуп, анда Кыргызстандын намысын үч спортчу коргойт.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр Германияда өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Берлин шаарында 3-12-март аралыгында сууда сүзүү боюнча "International Swimming Meeting" эл аралык турнири өтөт.

Анда кыргызстандык Денис Петрашов, Кирилл Вайс жана Станислав Карнауховдор катышып күч сынашат. Аларды аталган мелдешке жөнөтүүгө мамлекеттик агенттик тарабынан 497 миң сом бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0