Кыргызстандын футболчу кыздары Алматыда тажиктер менен беттешет

© Фото / пресс-служба ФФКРЖенская национальная сборная Кыргызстана. Архивное фото
Женская национальная сборная Кыргызстана. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футбол боюнча мелдеш Алматы шаарында өтүп, Кыргызстан менен Тажикстандын командалары оюн көрсөтөт.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча кыздар жана жаштар (U-19) курама командалары Алматыда тажикстандык атаандаштары менен беттешет. Бул тууралуу Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Эки курама команда алгач Бишкекте окутуу-машыктыруучу оюн өткөрөт. Андан кийин Алматы шаарына барып, 27-февралдан 4-мартка чейин футболдук мелдешке катышат.

Даярдык оюн машыктыруучу Гүлбара Үмөталиеванын жетекчилиги алдына өтөт.

Мелдештин күнү:

28 — февраль, 15:00

  • Тажикстан курама командасы (U-19) — Кыргызстан курама командасы (U-19);

1 — март, 15:00

  • Тажикстан курама командасы (U-19) — Кыргызстан курама командасы (U-19);

2- март, 15:00

  • Кыргызстан курама командасы — Тажикстан курама командасы;

3-март, 15:00

  • Кыргызстан курама командасы (U-19) — Тажикстан курама командасы (U-19).

Бардык оюндар "Нархоз" стадионунда өткөрүлөт. Эске салсак, Алматыдагы убакыт менен Бишкек убактысы бирдей эле.

Кыздардын курама командасында учурда 15, ал эми "жаштардыкында" 14 футболчу машыгып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0