Кыргызстандык Евгений Ваккер Бахрейндеги Азия биринчилигинде ат салышат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүВелоспортчулар. Архив
Велоспортчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азия биринчилигинде буга чейин Ваккер төрт алтын, төрт коло жана эки күмүш медаль тагынган.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстандык Евгений Ваккер велоспорт боюнча Бахрейндеги Азия биринчилигине катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тария жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Участница Олимпиады-2016, борец Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова Швециядагы мелдеште күмүш байгелүү болду
Маалыматка ылайык, Ваккердин Түркиядагы машыгуулары аяктап калды. Ал эми Азия биринчилиги 23-февралдан 4-мартка чейин өтөт.

Анда кыргызстандык спортчу таймашка 27-февралда чыгат, ал эми 2-мартта 180 чакырым аралыктагы тайпалык жарышта күч сынашат.

Кошумчалай кетсек, аталган чемпионатта буга чейин Ваккер төрт алтын, төрт коло жана эки күмүш медаль уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0