14:46 28 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7747
  • EUR95.3546
  • RUB1.1215
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
114683

10 жашар Бермет эми Германиянын көркөм гимнастика боюнча өлкө биринчилигинде Бавария жергесинин атынан катышууга даярданат.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Германиянын Бавария аймагындагы Мюнхен шаарында жашаган 10 жашар Бермет Чороева ритмикалык гимнастика боюнча мелдеште 8-10 жашка чейинкилердин арасынындагы К6 категориясында 1-орунга ээ болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине спортчунун апасы Кундуз Чалапинова билдирди.

Анын айтымында, Германияда туулуп-өскөн Бермет 4 жашынан бери көркөм гимнастика менен алектенет.

  • Германиянын Бавария аймагындагы Мюнхен шаарында жашаган 10 жашар Бермет Чороева ритмикалык гимнастика боюнча мелдеште 8-10 жашка чейинкилердин арасынындагы К6 категориясында 1-орунга ээ болгон
    Германиянын Бавария аймагындагы Мюнхен шаарында жашаган 10 жашар Бермет Чороева ритмикалык гимнастика боюнча мелдеште 8-10 жашка чейинкилердин арасынындагы К6 категориясында 1-орунга ээ болгон
    © Фото / Кемелбек Чороев
  • Германияда туулуп-өскөн Бермет 4 жашынан бери көркөм гимнастика менен алектенет.
    Германияда туулуп-өскөн Бермет 4 жашынан бери көркөм гимнастика менен алектенет.
    © Фото / Кемелбек Чороев
1 / 2
© Фото / Кемелбек Чороев
Германиянын Бавария аймагындагы Мюнхен шаарында жашаган 10 жашар Бермет Чороева ритмикалык гимнастика боюнча мелдеште 8-10 жашка чейинкилердин арасынындагы К6 категориясында 1-орунга ээ болгон

"Кызым Мюнхен шаарынын мектептеринин биринде 4-класста окуйт. Окуунун отличниги. Көркөм гимнастикадан сырткары, сүрөт, теннис, музыка жана шахмат ийримдерине катышат", — деди апасы.

Бермет сүрөт тартууга дагы абдан кызыгат. Эки жылдан бери сүрөт сынактарына дагы катышып, 1-орунду эч кимге бербей келет.

Тема боюнча

Элдияр Кененсаров 2016-жылдын КВНчиси болду
Белгилер:
Германия, Бермет Чороева, жеңиш, көркөм гимнастика

ЭҢ МААНИЛҮҮ