"Ала-Тоо кубогу" үчүн казакстандык футболчулар дагы ат салышат

© Sputnik / Табылды КадырбековОюн талаасындагы футболчу. Архив
Оюн талаасындагы футболчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кубок азыр Бишкектин "Дордой" клубунун колунда.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кыргызстанда 16-февраль күнү "Ала-Тоо кубогу — 2017" футбол мелдеши башталарын Футбол федерациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Футбол. Отборочный матч ЧЕ-2016. Россия - Австрия - Sputnik Кыргызстан
"Дордой" менен Тажикстандын "Хосилот" командасынын беттешин кытайлык калыстар тейлейт
Мелдеш 20-февралга чейин уланат. Ага эки тайпага бөлүнгөн сегиз команда катышат. Бул таймашта жеңиш үчүн жети кыргыз командасынан тышкары, Казакстандын "Иртыш" клубунун оюнчулары дагы ат салышат.

Учурда аталган кубок Бишкектин "Дордой" командасында. Ал былтыр пенальти менен"Алга" командасын жеңип алган.

"А" тайпасында "Абдыш-Ата", "Дордой-2", "Живое" жана"Иртыш" (Казакстан) болсо, "Б" тайпасында "Кара-Балта", "Нефтчи", "Алга-2" жана "Наше" командалары катталган. Финалдык оюн 20-февраль күнү саат 16.00дө башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0