Кыргызстандык хоккейчилер Кышкы Азия оюндары өтчү Японияга бүгүн учат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калган спортчулар менен расмий делегация 19-февралга чейин учуп барат.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстандын хоккей командасы бүгүн Японияда өтчү Азия кышкы оюндарына учат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн турган команда улуттук курама топту жолдоштук беттеште утуп алды - Sputnik Кыргызстан
Журналисттер КРдин хоккей боюнча курама командасын утуп алды
Маалыматка ылайык, Япониянын Саппоро шаарында өтө турган мелдешке кыргыз делегациясынын курамында 23 оюнчудан тышкары бир машыктыруучу жана бир дарыгер бар. Ал жакта спортчулар кышкы оюндар башталганга чейин машыгууларын улантмакчы. Өлкө намысын жалпысынан 33 спортчу коргойт

Ал эми көркөм муз тебүү, тоо лыжасы жана биатлон боюнча катыша турган спортчулар менен расмий делегация 19-февралга чейин барат.

Кошумчалай кетсек, аталган мелдеште 30 мамлекеттен келген спортчулар спорттун 11 түрү боюнча ат салышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0