Токтогулда кыргыздар менен француздар ат үстүндө "баскетбол" ойномой болушту

Жазылуу
Хорсбол Кыргызстан үчүн спорттун сейрек кездешкен түрү. Беттешүүдөн кийин ошол эле жерде аймактык чемпионаттын өтүшү пландаштырылып жатат.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Токтогулда хорсбол боюнча кыргызстандыктар менен француздардын арасында жолдоштук мелдеш болот. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган спорттун түрү боюнча федерация башчысы Мунарбек Кулданбаев айтып берди.

Хорсбол Францияга таандык оюн. Анда баскетбол менен регбинин элементтери камтылып, оюнчулар ат үстүндө беттешет. Мелдештин максаты — жерден үч метр бийиктикте орнотулган атаандаштын алкагына болушунча топту көп салуу.. Ар бир командада төрттөн оюнчу болуп, 10 мүнөттүк эки таймдан турат.

Международный турнир по самбо во Дворце спорта имени Каба уулу Кожомкула - Sputnik Кыргызстан
Тер төккөн эмгек, көздөн учкан жеңиш... Самбо боюнча эл аралык мелдештен ирмемдер
Мелдеш 16-февралга белгиленген. Аны менен бирге бул спорттун түрү боюнча Токтогулдун чемпионаты өтүп, ага жергиликтүү төрт команда катышат. Ал эми ага чейин франциялык чеберлер айылдыктар үчүн мастер-класстарды өтмөкчү.

Федерация башчысы Кулданбаевдин айтымында, хорсбол Кыргызстанда анчейин жайылган эмес, эми улуттук курама түзүү зарылчылыгы жаралууда. Ал Токтогулда 300дөй киши бул оюн менен туруктуу алектенерин айтып берди.

Кыргызстандык спортчулар буга чейин франциялык атаандаштары менен 2011-жылы жолдоштук оюнда беттешип, жолу болбой калган.

Ал эми II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Чолпон-Атанын ипподромунда эки өлкөнүн спортчулары хорсбол-шоу тартуулашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0