"Дордой" AFC кубогунун алкагында тажикстандык клуб менен беттешет

© Sputnik / Табылды КадырбековМатч туркменского клуба "Балкан" с бишкекским "Дордоем" в Оше
Матч туркменского клуба Балкан с бишкекским Дордоем в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектик клуб Азия чемпиондор лигасынын группалык баскычына чыгуу үчүн бир кадам калды.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бишкектин "Дордой" футбол клубу Азия футбол конфедерациясынын кубогунун тайпалык бөлүгүнө чыгуу үчүн Тажикстандын вице-чемпиону "Хосилот" командасы менен беттешет. Бул тууралуу "Дордой" клубунун маалымат кызматынан кабарлашты.

Главный тренер национальной сборной Кыргызстана по футболу Александр Крестинин - Sputnik Кыргызстан
Крестинин: Азия кубогунун тандоо турунда тайпада жеңүүчү болушубуз керек
Жакында эле бишкектик команда Балаканабад шаарында түркмөндөрдүн "Балкан" командасын 2:1 эсебинде уткан. Эки оюндун жалпы жыйынтыгында (биринчи оюн —1:1) "Дордой" командасы Азия турниринин финалдык бөлүгүнө катышууга мүмкүндүк алган

Эми бишкектик команда AFC кубогунун тайпалык этабына чыгуу үчүн Тажикстандын командасы менен беттешет.

AFC кубогу — Азиядагы даражасы боюнча экинчи орунда турган мелдеш. Үч тандоо жана бир негизги турнирден турат. Эки матчтан турган мелдештин жеңүүчүсү финалга чыгып, таймаштын негизги бөлүгүнө жолдомо алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0