БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Эркин күрөш боюнча өлкө биринчилиги өтө турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентиги билдирди.
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 15-февралдан 18-февралга чейин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болот. Анда балбандар сегиз салмактык категория боюнча күч сынашат.
Турнирге район, облус жана шаарлардын курама командалары келмекчи.
Мелдеш аталган спорттун түрүн жайылтуу, спорчулардын чеберчилигин арттыруу жана жаштарды терс көрүнүштөрдөн оолак кылуу максатында өткөрүлөт.
Иш-чара Эркин күрөш федерациясы жана олимпиадалык спорттун түрү боюнча дирекция тарабынан уюштурулууда.