Кыргызстандык дзюдочулар дүйнөлүк мелдеште күч сынашат

© AFP / TOSHIFUMI KITAMURAОлимпиада 2016. Дзюдо. Мужчины. Весовая категория выше 100 кг
Олимпиада 2016. Дзюдо. Мужчины. Весовая категория выше 100 кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке 54 мамлекеттин 400дөн ашуун спортчусу катышат.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кыргызстандык үч дзюдочу 24-26-февралда өтө турган Dusseldorf Grand Prix 2017 (Дюссельдорф гран-приси) мелдешине катыша турганы Эл аралык дзюдо федерациясынын расмий сайтында жазылды.

День рождения футболистов Криштиану Роналду и Неймар - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдөгү эң кымбат 10 футболчу аныкталды
Grand Prix мелдештери маанилүүлүгү жагынан алтынчы орунда турат. Эгер Олимпиадада спортчу биринчи орун алса, 1 000 рейтингдик упайга ээ болот. Ал эми Гран-при сыйлыгы — 300, күмүш медаль — 180 упай, коло медаль — 120 упайга барабар.

Жалпысынан мелдешке 54 мамлекеттин 400дөн ашуун спортчусу катышат. Кыргызстандын атынан үч дзюдочу аттанат. Алар: Отар Бестаев (60 килограммга чейин), Юрий Краковецкий (100дөн жогору) жана Фарух Белекулов (90 килограммга чейин). Биринчи эки спортчу 2016-жылкы Олимпиада оюндарына катышкан. Дзюдонун эл аралык рейтингинде Белекулов 223-орунда болсо, Бестаев 22-сапта турат. Ал эми Краковецкий 20 мыктынын катарында (18-орун).

Жаңылыктар түрмөгү
0