Студенттер арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионаты 2018-жылы Кыргызстанда өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпионат Кыргызстана по греко-римской борьбе
Чемпионат Кыргызстана по греко-римской борьбе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
FISU уюмунун өкүлдөрү Кыргызстанда студенттик спортту өнүктүрүүгө орчундуу көңүл бурууну пландап жатат.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргызстанда 2018-жылы грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионаты өткөрүлөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын оюнчулары беттеш алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР хоккейчилери журналисттерди беттешүүгө чакырып жатат
Кечээ Улуттук олимпиадалык комитетте Эл аралык студенттик спорт федерациясынын (FISU) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, коноктор Олимпиада комитетинин ишмердүүлүгү менен таанышкан.

Эки тараптуу жолугушуу учурунда Кыргызстанда студенттик спортту өнүктүрүү боюнча маселе талкууга алынган.

Андан кийин эл аралык федерация менен Олимпиада комитетинин өкүлдөрү Азия биринчилигин Кыргызстанда өткөрүү боюнча тиешелүү маселелерди дагы талкуулашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0