КР хоккейчилери журналисттерди беттешүүгө чакырып жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын оюнчулары беттеш алдында. Архив
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын оюнчулары беттеш алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта улуттук команда Японияда өтө турган кышкы Азия оюндарына даярдык көрүүдө.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы таймашууга журналисттерди чакырып жатканын Хоккей федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, оюн 8-февралга белгиленген. Мелдешке керектүү бардык шаймандар менен федерация камсыздай турганын белгиледи.

Улуттук команда эки жумадан бери 19-26-февраль күндөрү Японияда өтө турган кышкы Азия оюндарына даярдык көрүп жатат. Бишкекте өтүп жаткан машыгуу 10-февралда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0