Кыргызстандык сууда сүзүүчү машыгууларын АКШда өткөрөт

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүПлавание. Чемпионат России. Второй день
Плавание. Чемпионат России. Второй день - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчу "Spire Institute" институтунда бир жылдай машыгат.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Сууда сүзүү боюнча кыргызстандык спортчу дүйнө биринчилигине АКШда даярданат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, Султан Букеев Америкадагы "Spire Institute" институтунда бир жылдай машыкканы жатат. Муну менен спортчу быйыл Будапештте өтө турган дүйнө биринчилигине даярдык көрөт.

Букеев сууда сүзүү боюнча эл аралык деңгээлдеги спорттун чебери жана Жакартада өткөн Азия чемпионатында 100 жана 200 метр аралыкка сүзүү боюнча эки алтын медалга ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0