Бишкектеги окуучу кыздар арасында баскетбол боюнча мыктылар аныкталды

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарындагы окуучу кыздар арасында баскетбол боюнча мектеп лигасы
Бишкек шаарындагы окуучу кыздар арасында баскетбол боюнча мектеп лигасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке 16 команда катышкан. Турнир Бишкек шаарынын дене тарбия жана спорт боюнча башкармалыгы тарабынан уюштурулду.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкек шаарындагы окуучу кыздар арасында баскетбол боюнча мектеп лигасынын алкагында мыктылар аныкталганын мэриядан билдиришти.

Международный турнир по боксу в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 11 өлкөнүн мушкерлери күч сынашат
Маалыматка ылайык, 28-январда Арча-Бешик жаңы конушундагы дене тарбия комплексинде баскетбол боюнча кыздар арасындагы мелдеш аяктап, биринчи орунду №16 мектептин командасы ээлесе, экинчи орунду №11 мектептин командасы, үчүнчү орунга №31 мектептин кыздары татыды.

Мелдешке 16 команда катышып, ал Бишкек шаарынын дене тарбия жана спорт боюнча башкармалыгы тарабынан уюштурулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0