Өлкө кубогу: футзалчылардын атаандаштары белгилүү болду

© Фото / пресс-служба ФФКРРазвитие футзала в Кыргызстане
Развитие футзала в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын футзал боюнча кубогу үчүн оюндарынын финалдык беттеши 19-февралда болот.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Футзал боюнча өлкөнүн кубогу үчүн беттештерге катыша турган командалардын атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Футзалист - Sputnik Кыргызстан
Өлкө кубогу: футзалчылардын атаандашы эки күндөн кийин билинет
Маалыматка ылайык, чучукулак кармоо 28-январда өткөрүлүп, сегиз команда катышкан.

Анда А тайпасына "Востокэлектро", "Алга-Бишкек", "Batken city" жана "Достук" командалары кирген. Б тайпасы "EREM", "Мурас", "ГНС" жана "Талас" командалары менен түзүлдү.

Мелдештин тартиби боюнча командалар алгач, өз тайпаларынын ичинде беттешет. Андан соң алардын ичинен биринчи жана экинчи орунду алгандар жарым финалда ойношот. Жыйынтыктоочу беттеш 19-февралда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0