Букмекер: Шевченконун UFC турнириндеги беттеште жеңүү мүмкүнчүлүгү жогору

© AP Photo / Nam Y. HuhТайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко
Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнир 2017-жылдын 28-январында АКШнын Колорадо штатында UFC on Fox 23 алкагында өтөт.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. UFC турниринин алкагында Жулианна Пена менен беттеше турган Валентина Шевченконун жеңишке болгон мүмкүнчүлүгү жогору экенин Букмекердик конторалар болжоп жатат.

Бой Валентины Шевченко и Холли Холм на UFC on FOX 20 в Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко UFC рейтингинде биринчи орунду ээледи
Маалыматта айтылгандай беттеш 2017-жылдын 28-январында АКШнын Колорадо штатында UFC on Fox 23 алкагында өтөт.

Эки спортучунун беттеши тууралуу мурдатан айтылып келген. Бирок венесуэлалык спортчу Шевченко менен жолугуудан качып, акыркы билдирүүлөрүндө 12-ноябрда Нью-Йоркто өтөт деп пландалган UFC 205 таймашы Пенанын өзү менен макулдашылбаганын айткан.

Жулианна Пена Ultimate Fighting Championship (UFC) клубунун атынан төрт жолу чемпион болуу менен өз рекордунан ашып түшүп, акыркы жолу UFC — The Ultimate Fighter 18 турниринин жеңүүчүсү аталган.

Ал эми кыргызстандык спортчунун эсебинде эки утуш, бир жеңилүү бар. Ultimate Fighting Championship — Түндүк Америка, Европа жана Азия өлкөлөрүндө аралаш шарттар менен таймаштарды өткөргөн спорттук уюм. Башкы кеңсеси АКШнын Лас-Вегас шаарында жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0