Пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогуна кыргызстандык алты спортчу катышат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПаралимпийские игры 2016. Первый день
Паралимпийские игры 2016. Первый день - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык спортчулар учурда Чолпон-Ата шаарында даярдык көрүп, машыгууда.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогуна кыргызстандык алты спортчу катышарын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Ага ылайык, дүйнөлүк кубок 27-февралдан 3-мартка чейин Дубайда өтөт. Кыргызстандык спортчулар 13-февралга чейин Чолпон-Ата шаарында машыгууларын өткөрөт. Аларды башкы машыктыруучу Аднан Жабраилов даярдоодо. Бул үчүн 312 миң сом каралган.

Кыргызстандын намысын төмөнкү спортчулар коргойт:

  • Эсен Калиев;
  • Жыргал Оросбаев;
  • Раджибали Эшонкулов;
  • Адилет Камчибеков;
  • Максат Аргымбаев;
  • Махаматкул уулу Сагынбек.

Андан сырткары, аларды башкы машыктыруучу Аднан Жабраилов менен машыктыруучу Олег Алчинов коштоп барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0