Өлкө кубогу: футзалчылардын атаандашы эки күндөн кийин билинет

© flickr.com / UnB AgênciaФутзалист
Футзалист - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чучукулак кармоого жети облустан жана эки шаардан жалпы 8 команда катышат.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Футзал боюнча өлкөнүн кубогу үчүн беттеше турган командалардын каршылаштары 28-январда чучукулактан кийин белгилүү болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди.

Главный тренер национальной сборной Кыргызстана по футболу Александр Крестинин - Sputnik Кыргызстан
Крестинин: Азия кубогунун тандоо турунда тайпада жеңүүчү болушубуз керек
Маалыматка ылайык, ага 8 команда катышат. Алардын каршылаштары 28-январда өтө турган чучукулактан кийин белгилүү болот.

Мелдештин эрежеси боюнча командалар А жана Б тайпаларына бөлүнөт. Анда ар бир тайпага төрттөн команда кирет. Жыйынтыгында каршылаштарынын арасында биринчи жана экинчи орунду алган командалар жарым финалга чыгышат. Андан соң оюнчулар кайра тайпалар ортосунда кездешип, финалга жолдомо алышат.

Андан сырткары, "Алга-Бишкек", "ГНС", "EREM", "Талас", "Batken city", "Востокэлектро", "Достук" жана "Мурас" командалары финалдык оюнга катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0