"Алайдын" Фергана губернаторунун кубогу үчүн беттештеги каршылаштары аныкталды

© Sputnik / Айша Камилова"Алай" футбол клубунун оюнчулары.
Алай футбол клубунун оюнчулары. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнирге 16 команда катышат. Алардын төртөө менен Кыргызстандын курама тобу А группасында ойнойт.

БИШКЕК, 25-Янв. — Sputnik. Өзбекстандын Фергана облусунун губернаторунун кубогу үчүн боло турган беттешке карата "Алай" футбол клубунун каршылаштары аныкталды. Бул тууралуу КРдин Футбол лигасынан билдиришти.

Главный тренер национальной сборной Кыргызстана по футболу Александр Крестинин - Sputnik Кыргызстан
Крестинин: Азия кубогунун тандоо турунда тайпада жеңүүчү болушубуз керек
Турнирдин 16 катышуучусу төрт группага бөлүнгөн. Кыргызстандын 2016-жылдагы чемпиону А тобуна кирип, Өзбекстандын көп жолку чемпиону "Нефтчи" (Өзбекстандын жогорку лигасы), "Навбахор" (жогорку лига), "Уз.Донг.Жу" (биринчи лига) жана "Истиклол" (экинчи лига) курама топтору менен беттешет.

Группанын ичинен жеңүүчүлөр гана чыгат. Андан кийин жарым финал жана финалдык оюндар өткөрүлөт. Турнир 27-январдан тарта башталат. Ал эми жарым финал 5-февралда өтсө, финалдык оюн 7-февралга пландалууда…

Жаңылыктар түрмөгү
0