Азия кубогу оюндарынын тандоо турунда КР командасы кимдер менен ойнору аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары беттештен соң. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары беттештен соң. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн курама командасы үч беттешүүнү өз үйүндө өткөрсө, үч оюнду сыртта өткөрөт

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы Азия кубогу үчүн тандоо оюндарында Индия, Мьянма жана Макао менен оюн талаасында кездешет. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясы билдирди.

Футболчу машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футбол боюнча кышкы мелдеш январь айынын аягында башталат
Абу-Дабиде өткөн чучукулак кармоодон кийин Кыргызстан курама командасы А тайпасынын сап башынан орун алды. Ага ылайык, кыргызстандык футболчулар Индия, Макао жана Мьянманын курама командалары менен ойнойт.

Беттештер 2017-жылдын 28-мартынан баштап, 2018-жылдын 27-мартына чейин болот. Жыйынтыгында ар бир тайпанын эки мыкты командасы Бириккен Араб Эмираттында өтө турган турнирдин финалдык бөлүгүнө катышуу укугун алат. Анда буга чейин мелдештин жыйынтыктоочу бөлүгүндө беттешүү укугун алган Австралия, Кытай, Ирак, Иран, Япония, Түштүк Корея, Катар, Сирия, Сауд Аравия, Таиланд, Өзбекстан жана Бириккен Араб Эмираттардын курама командалары менен беттешет. Кыргызстандын командасынын алгачкы беттеши өз үйүндө ушул жылдын 28-мартында Макао менен болот.

Азия кубогунун тандоо оюндарында Кыргызстан курама командасы беттеше турчу командалар:

  • Кыргызстан — Макао (28-март 2017-жыл)
  • Индия — Кыргызстан (13-июнь 2017-жыл)
  • Кыргызстан — Мьянма (5-сентябрь 2017-жыл
  • Мьянма — Кыргызстан (10-октябрь 2017-жыл)
  • Макао — Кыргызстан (14-ноябрь 2017-жыл)
  • Кыргызстан — Индия (27-март 2018-жыл)

Ал эми башка курама командалар төмөнкү тайпаларда ойношот.

  • B: Корей Элдик-демократиялык Республикасы, Гонконг, Ливан, Малайзия;
  • С: Иордания, Вьетнам, Афганистан, Камбоджа;
  • D: Оман, Палестина, Мальдив Республикасы, Бутан;
  • Е: Бахрейн, Түркмөнстан, Кытайдын Тайбэйи, Синга.
Жаңылыктар түрмөгү
0