Кыргызстандык дзюдочулар Париждеги беделдүү мелдешке катышат

© AFP / JACK GUEZДзюидоист из Кыргызстана Юрий Краковецкий во время соревнований на олимпийских игр в Рио-Де-Жанейро с узбексим соперником Абулло Тангиевым
Дзюидоист из Кыргызстана Юрий Краковецкий во время соревнований на олимпийских игр в Рио-Де-Жанейро с узбексим соперником Абулло Тангиевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дзюдо боюнча эл аралык мелдештер арасында "Чоң шлем" турнирлери Олимпиада оюндары, дүйнө чемпионаттары жана "Мастерстен" кийин төртүнчү орунда турат.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кыргызстандык төрт дзюдочу 11-12-февраль күндөрү Grand Slam Paris — 2017 (Париждеги "Чоң шлем") турнирине катышарын эл аралык Дзюдо федерациясынын расмий сайты билдирди. 

Олимпиадада биринчи орунду алган спортчу рейтингдик 1 000 упай топтосо, "Чоң шлемде" — 500, ал эми континент биринчилигиндеги мыктылыгы үчүн — 400 упайга татыйт. 

Олимпиада 2016. Вольная борьба. Мужчины. Второй день - Sputnik Кыргызстан
Кара-Балтада эркин күрөш боюнча эл аралык турнир өтөт
Дзюдо боюнча эл аралык мелдештер арасында "Чоң шлем" турнирлери Олимпиада оюндары, дүйнө чемпионаттары жана "Мастерстен" кийин төртүнчү орунда турат. Булар Гран-при жана континенталдык чемпионаттардан дагы бийик бааланат. 

Мелдешке бардыгы болуп 63 өлкөдөн келген 459 спортчу катышат. Анда Кыргызстандын намысын Арген Бакытбек уулу (60 килограммга чейин), Бектур Рысмамбетов (66 килограммга чейин), Фарух Белекулов (90 килограммга чейин) жана Юрий Краковецкий (100 килограммдан жогору) коргойт. Акыркы спортчу 2016-жылы Олимпиада оюндарына катышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0