"Дордой" менен "Балкандын" беттешин Ошто 100 сомго көрүүгө болот

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФутбол. РФПЛ. Матч ЦСКА - "Урал"
Футбол. РФПЛ. Матч ЦСКА - Урал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки команданын биринчи беттеши Ошто өтсө, экинчиси Түркмөнстанда болот.

БИШКЕК, 20-янв.— Sputnik. "Дордой" менен түркмөндөрдүн "Балкан" командасынын беттешинин билет баасы 100 сом болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди. 

Футбол. Лига чемпионов. Матч ЦСКА - ПСВ - Sputnik Кыргызстан
"Дордой" менен "Балкан" командаларынын оюнун ливандык калыстар тейлейт
Аталган Азия футбол конфедерациясынын кубогунун тандоо оюну Ош шаарында 31-январда Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадионунда 14:00дө башталат. Ал эми экинчи беттеш 7-февралда Түркмөнстандын Балканабад шаарында өтө. 

Билеттер 31-январда стадиондун кассаларында сатыла баштайт. 

Азия футбол конфедерациясынын кубогу үчүн беттештер үч тандоо оюну жана негизги турнир менен коштолот. Жыйынтыгында жеңген команда финалга чыгып, негизги турнирге жолдомо алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0