"Барселонанын" директору Мессини сындаганы үчүн ишинен айрылды

© AFP / LLUIS GENE "Барселона" испан футбол клубунун футболчусу Лионел Мессинин архивдик сүрөтү
Барселона испан футбол клубунун футболчусу Лионел Мессинин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гратакос Месси командадагы өнөктөштөрүсүз, мыкты оюнчу боло алмак эместигин айткан. Ал эми "Барселона" Гратакостун мындай оюу клубдун позициясына туура келбей турганын билдирген.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. "Барселона" испан футбол клубунун директору Пере Гратакос, футболчу Лионел Мессини сындаганы үчүн кызматынан бошотулду. Бул туурасында Р-Спорт команданын расмий сайтына шилтеме берүү менен жазды.

Буга чейин Гратакос "Месси командадагы өнөктөштөрүсүз, жакшы оюнчу боло алмак эмес" деген пикирин билдирген. Ал эми "Барселона" Гратакостун мындай оюу клубдун позициясына туура келбей турганын айткан. 

Аргентинский нападающий Барселоны Лионель Месси - Sputnik Кыргызстан
Футболчу Месси "Барселона" үчүн 500чу голду киргизди
Гратакосту иштен алуу чечимин клубдун аткаруучу директору Альберт Солеро чыгарып, өзү директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал эми Гратакос каталон клубуна байланышкан долбоорлор менен ишин улантары айтылууда.

Месси "Барса" командасы үчүн 500дөн ашык оюн өткөргөн. Ал 17 жашынан бери "Барселона" футбол академиясынын командалык курамында ойноп келет. Бул аралыкта Испаниянын чемпиондугун 8 жолу, төрт ирет Лига чемпиондугун жана Испаниянын төрт кубогун, өлкөнүн жети суперкубогун, Европанын үч суперкубогун жана үч жолу дүйнөлүк чемпиондор клубун жеңе алган. Ал ошондой эле чемпиондор лигасынын беш жолку жана Испания чемпионатынын үч жолку мыкты чабуулчусу болуп эсептелет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0