"Дордой" менен "Балкан" командаларынын оюнун ливандык калыстар тейлейт

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФутбол. Лига чемпионов. Матч ЦСКА - ПСВ
Футбол. Лига чемпионов. Матч ЦСКА - ПСВ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык "Дордой" менен Түркмөнстандын "Балкан" командасы 31-январда Бишкекте беттешет.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Азиялык футбол конфедерациясынын алкагындагы "Дордой" менен Түркмөнстандын "Балкан" командасынын беттешин ливандык калыстар тейлейт. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди. 

Футбол. Отборочный матч ЧЕ-2016. Россия - Австрия - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык жети калыс FIFA уюмунун тандалма арбитрлеринин катарын толуктады
Азиялык футбол конфедерациясынын кубогу үчүн беттештер үч тандоо оюндары жана негизги турнир менен коштолот. Анда кыргызстандык "Дордой" командасы август айында биринчи тандоо оюндарында ийгиликтүү ойноп, экинчи этапка өткөн. 

Плей-оффтун жарым финалында ата мекендик команда түркмөндөрдүн "Балканы" менен оюн талаасында эки жолу чыгат. Биринчи беттеш 31-январда Кыргызстанда өтсө, экинчиси 7-февралга белгиленген. Жыйынтыгында жеңген команда финалга чыгып, анда негизги турнирге жолдомо берилет. 

Январь айынын соңунда өтө турган оюнду ливандык калыс Хусейн Або Йехиа жетектеп, ага мекендеши Самер Бадр жана иорданиялык Мохаммад Мустафа Хассан Алкалаф менен Ахмад Якуб Ибрахим жардамдашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0