Жогорку жана кесиптик окуу жайлар спорттун жети түрүнөн күч сынашат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүТоржественный вечер, посвященный открытию турнира претендентов на титул чемпиона мира по шахматам
Торжественный вечер, посвященный открытию турнира претендентов на титул чемпиона мира по шахматам - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке төрт окуу жайдын 91 кызматкери катышат.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бишкекте 13-январь күнү жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын кызматкерлери арасында спартакиада башталат. Бул туурасында Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты. 

Спартакиадада Экономика жана Ички иштер министрликтери мыкты аталышты
Кызматкерлер спорттун жети түрү боюнча ат салышат. Ага волейбол, футбол, стритбол, тогуз коргоол, шахмат, стол тенниси жана ордо оюндары киргизилген. Бул мелдештер окуу жайлардын спорт залдарында өтөт. Ал эми спартакиада 31-январга чейин болмокчу.

Мелдешке Кыргыз улуттук университети, Мамлекеттик спорт агенттигинин колледжи, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана медициналык академиядан жалпысынан 91 кызматкер катышат. Анын 67си эркектер болсо, калган 24ү айымдардан турат. 

Спартакиаданын салтанаттуу ачылыш аземи 17-январда саат 15:00дө медициналык академияда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0