Казакстанда өткөн таэквондо таймашынан кыргыз спортчулары 8 медаль алышты

© © SputnikЧемпионат по таэквондо в Казахстане
Чемпионат по таэквондо в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпионат Казакстандын Алматы шаарында 7-8-январь аралыгында өткөн.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Казакстанда өткөн таэквондо чемпионатында кыргыз спортчулары байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Таэквондо федерациясынын Ысык-Көлдөгү бөлүмүнүн жетекчиси Нурдин Каимов Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына билдирди. 

Анын айтымына караганда, Кыргызстандын капчыгына 3 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль буюрган. 

© © SputnikКазакстанда өткөн таэквондо чемпионатындагы кыргыз спортчулары
Чемпионат по таэквондо в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда өткөн таэквондо чемпионатындагы кыргыз спортчулары

"Казакстандын Алматы шаарында өткөн чемпионатка Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан жети өспүрүм барган. Алардын бардыгы байгелүү орундарга ээ болушту", — деди Каимов. 

Байгелүү кайткан спортчулар: 

  • Махабат Жеңишбекова — 50 килограмм салмакта 1-орунду ээлеген;
  • Алия Шейшенбекова — 58 килограмм салмакта биринчи жана тыль боюнча 3-орунду ээлеген;
  • Нурсулуу Азаматова — 26 килограмм салмакта 1-орун;
  • Рамазан Бисенгалиев — 20 килограмм салмакта 2-орун;
  • Нурдөөлөт Максатов — 22 килограмм салмакта 2-орун;
  • Байчоро Мамытбеков — 36 килограмм салмакта 2-орун.
  • Илгиз Асаналиев — 40 килограмм салмакта 3-орунду ээлеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0