Лыжачылар Тимофеев менен Абдыкадыровага 1500 доллардан стипендия берилет

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүБиатлон. Чемпионат мира. Женщины. Масс-старт
Биатлон. Чемпионат мира. Женщины. Масс-старт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стипендиялар спортчулардын кышкы олимпиадалык оюндарга болгон даярдануусуна карата берилип жатат.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстандын лыжачылары Евгений Тимофеев жана Кундуз Абдыкадыровага ушул жылдын январь айынан тарта Эл аралык олимпиада комитети тарабынан 1500 доллар өлчөмүндө стипендия берилет. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султанбаев билдирди. 

Анын айтымында, стипендиялар спортчулардын кышкы олимпиадалык оюндарга карата даярдыгы үчүн берилүүдө. 

"Бул стипендия спортчуларыбызга кышкы олимпиада оюндарына чейин берилет. Эгер ага чейин лицензия алалбай калышса, ошол учурдан тартып стипендия берүү токтотулат. Былтыр жайкы олимпиада оюндарында кыргызстандык 12 спортчуга 650 доллардан стипендия берилген. Ал эми кышкы спорттун эрежелери оор болгондуктан, көбүрөөк берилип жатат" — деди Султанбаев.

Эскерте кетсек, кышкы олимпиада оюндары 2018-жылы Кореянын Пхенчхан шаарында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0