Бишкекте күрөш боюнча турнир өтөт

© Sputnik / Айша КамиловаГрек-рим күрөшү боюнча балбандар турнир учурунда. Архив
Грек-рим күрөшү боюнча балбандар турнир учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке Казакстандан жана өлкө аймактарынан келген спортчулар катышат.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Борбор калаада өспүрүмдөр арасында күрөш боюнча турнир өтөт. Бул тууралуу Раатбек Санатбаев атындагы республикалык олимпиада резервин даярдоочу мектеп билдирди.

Матч Кыргызстан — Бангладеш - Sputnik Кыргызстан
Божомол: FIFA рейтингинде Кыргызстандын позициясы начарлайт
Маалыматка ылайык, мелдеш 13-январда башталып 15-январда жыйынтыкталат. Турнирдин биринчи күнү 16-17 жаштагы кыздар күч сынашат. Ал эми 14-15-январда түрдүү салмактар боюнча 14-15 жаштагы балдар грек-рим күрөшү боюнча таймашат.

Мелдеш Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинде өтүп, ага Казакстандан жана аймактардан келген спортчулар катышуусу күтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0