Футзал боюнча Кыргызстандын кубогуна сегиз команда ат салышат

© Sputnik / Сергей Русанов / Медиабанкка өтүүФутзал оюнчулары. Архив
Футзал оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнирдин тандоо туруна жалпысынан 64 команда катышкан.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. 2016-2017-жылдары футзал боюнча Кыргызстандын кубогуна сегиз команда ат салышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Футбол федерациясынын футзал боюнча администратору Киемиддин Пириев кабарлады.

Анын айтымында, 15-февралда өткөрүлө турган турнирде ар бир облустан тандалып алынган бирден команда жана Бишкек шаарынан бир команда ойнойт.

"Учурда өлкөнүн беш облусунда жана Бишкек шаарында тандоо турлары бүтүп калды. Январь айында Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынан эки команда тандалат", — деди Пириев. 

Анын айтымында турнирдин тандоо туруна жалпысынан 64 команда катышкан.

2016-2017-жылдары футзал боюнча Кыргызстандын кубогуна ат салышчу командалар тизмеси:

  • Бишкек — Чүй, 16 команданын ичинен "Алга" менен "Мамлекеттик салык кызматы" командалары тандалып алынган; 
  • Нарын облусу, 18 команданын ичинен "Чыгышэлектро";
  • Талас облусу, 8 команданын ичинен "Талас";
  • Ош облусу, 6 командадан ЕREM;
  • Баткен облусу, 16 команданын ичинен "Баткен Сити" командасы тандалып алынган.

Пириев былтыркы Кубокту жеңип алган Оштун SRT командасы быйыл мелдешке катышпай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0