Жаңы жыл футзал мелдешинен башталат

© Фото / пресс-служба ФФКРФутзал оюнчулары машыгуу учурунда. Архив
Футзал оюнчулары машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеште мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен биргеликте ышкыбоздор жана ардагерлер дагы катыша алат.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Футзал боюнча "Наристе-2017" мелдеши Бишкек шаарында өтө турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстандык грек-рим күрөш балбаны Айсулуу Тыныбекова олимпиядалык оюндарда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сабак алчу спорттук жыл: Олимпиададан Көчмөндөр оюнуна чейин
Мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 3-10-январь күндөрү өтөт. Аталган иш-чара ар жыл сайын январь айынын баштапкы күндөрүндө өткөрүлүп келет.

Таймаш мамлекеттик органдардын кызматкерлери (25 жаштан жогору) жана ышкыбоздор, ардагерлер (35, 45 жана 55 жаштан жогору) ортосунда болот.

Мелдеш эки баскычта өтөт. Биринчисинде тайпадагы командалардын баары бири-бири менен, экинчисинде тайпадан жеңип чыккандар плей – офф (утулганы четтейт) сиситемасы менен финалга чейин барышат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0