БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. 27-28-декабрь күнү ышкыбоз жаштар арасында грэпплинг боюнча Бишкек биринчилиги өтөрүн ММА академиясынын вице-президенти Сейтек Оморов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
"Жылды жыйынтыктоо менен бирге грэпплинг боюнча ышкыбоз жаштар арасында Бишкек чемпионаты өткөрүлүп жатат. Балдар категориясына 7-17 жаштагы өспүрүмдөр, чоңдор категориясына 18 жаштан жогоркулар катышат", — деди Оморов.
Мелдештин жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө акчалай байгелер ыйгарылат.
ММА — аралаш мушташ искусствосу академиясы.