Кыргызстандык жөө күлүк Маслова Кытайдагы жарышта экинчи болуп келди

© Фото / официальный сайт ШОСМеждународный марафон в честь 15-летия ШОС
Международный марафон в честь 15-летия ШОС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке 20 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, түрдүү аралыктарга чуркаган.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстандык жеңил атлет, Рио-де-Жанейродо өткөн олимпиадалык оюндардын катышуучусу Дарья Маслова Шанхай кызматташтык уюмунун 15 жылдыгына арналган эл аралык марафондо күмүш байгеге татыды. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында маалымдалды.

Волейбол топтору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жыл алдында КРдин волейболчулары Бангладешке кетишти
Бул иш-чарага 23 мамлекеттен 16 миң жөө күлүк катышкан. Марафон Кытайдын түштүк-батышындагы Куньмин шаарында болуп өттү.

Спорттук иш-чаранын алкагында жөө күлүктөр түрдүү беш аралыкка — 42 чакырым (толук марафон), 21 чакырым (жарым марафон), 10 жана 5 чакырым, ошондой эле "ШКУ аралыгы" — 2016 метрге чуркашкан. Акыркы жарышка элчилер катышты.

Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 38 мүнөттө чуркап өткөн. Биринчи болуп кениялык жөө күлүк Рода Тануи (2 саат 33 мүнөт 53 секунд) келген. Ал эми коло медаль эфиопиялык Мескерем Абера Хундэге (2 саат 40 мүнөт) буюрду.

21 жаштагы кыргызстандык жөө күлүк Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарында 10 чакырымга 36 катушуучу менен чуркап, 19-орунду ээлеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0