Кыргызстандык спортчулар "Алыш" күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында биринчи болду

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный турнир серии Гран-при по борьбе на поясах в Бишкеке
Международный турнир серии Гран-при по борьбе на поясах в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белоруссияда өткөн дүйнөлүк чемпионатка 17 өлкөнүн спортчулары катышкан.

БИШКЕК, 14-дек.— Sputnik. "Алыш" белбоо күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстан жалпы командалык эсеп боюнча биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, дүйнө биринчилиги аялдар жана эркектер арасында 10-11-декабрда Белоруссиянын борбору Минск шаарында өтүп, 17 өлкөнүн спортчулары катышкан.

Во Дворце спорта имени Кожомкула прошел международный чемпионат по кулатуу WEF2 - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык балбан Венгрияда өткөн дүйнө биринчилигинде коло медаль тагынды
Кыргызстандын намысын алты спортчу коргогон. Анда кыргыз балбандары үч алтын, бир коло жана бир күмүшкө ээ болгон. 

Алтынай Мамарасул кызы менен Ирлан Казбек уулу 70 килограммга чейинки салмакта 1-орунду ээлешсе, Кайрат Маматзакиров 90 килограммдык салмакта 1-орунду эңип кеткен. Ал эми Дильдора Рахманова 75 килограмм салмак категориясындагылар арасында 2-орунду ээлеп, Кадыр Келсинбеков 90 килограм салмак боюнча 3-орунду алган. 

Натыйжада жалпы командалык эсепте Кыргызстан 1-орунду ээледи. Ал эми 2-орунда Украина болсо, Белоруссия 3-орунду алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0