БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча кыздар курама командасы 2017-жылкы Азия чемпионатынын тандоо турунда Мьянма, Таиланд жана Палестина өлкөлөрү менен беттеше турган болду. Бул тууралуу Футбол федерациянын маалымат кызматы билдирди.
Кыз-келиндер арасында футбол боюнча Азия чемпионатынын тандоо туру 20-декабрдан 24-декабрга чейин Мьянманын Янгон шаарында өткөрүлөт.
"Чучу кулактын жыйынтыгында Кыргызстандын футбол боюнча кыздар курама командасы "С" тайпасында ат салышмай болду", — деп жазылат маалыматта.
Коргоочулар — Алтынай Байзулдаева, Адинай Кылычбек кызы, Елизавета Подскребко, Ширин Анибарова, Кенже Асанакунова, Айзат Арабидин кызы, Баяна Келишова.
Жарым коргоочулар: Өмүркан Токтогулова, Керемет Исмаилова, Кенжебүбү Ырысбек кызы, Бибинур Романова, Бактыгүл Токтоболотова, Насибахон Анарбаева, Виктория Далингер, Гаухар Мурзалиева, Алтынай Курманалиева.
Чабуулчулар: Сетора Султанова, Малика Кадырова, Айжан Боронбекова, Шахноза Ибраимова.