Чемпиондор лигасы: футбол клубдардын атаандаштары бүгүн белгилүү болот

© Фото / UEFAВ штаб-квартире УЕФА в швейцарском Ньоне в пятницу прошла жеребьевка четвертьфинала Лиги чемпионов по футболу.
В штаб-квартире УЕФА в швейцарском Ньоне в пятницу прошла жеребьевка четвертьфинала Лиги чемпионов по футболу. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экинчи тайпанын командалары футбол мезгилинин календарына ылайык үй матчын атаандашы менен өз үйүндө 14-15 же 21-22-февралда, ал эми атаандаштын талаасындагы жооп матчты 7-8 же 14-15-мартта өткөрөт.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дө Футбол боюнча чемпиондор лигасынын 1/8 финалына чучу кулак кармоо өтөт. Бул тууралуу Европалык футбол ассоциациясынын сайтына жарыяланды.

16 команда европалык башкы турниринин плей-офф тобуна чыккан. Турнирдин регламентине ылайык, чучу кулакты өткөрүү үчүн командалар эки тайпага бөлүнгөн.

Регламент боюнча 1/8 финалда бир өлкөнүн командалары жана бир топто ойногондор жолугушканга укуктары жок.

Биринчи тайпа: 

  • "Арсенал" (Англия);
  • "Атлетико" (Испания);
  • "Барселона" (Испания);
  • "Боруссия" (Германия);
  • "Лестер" (Англия);
  • "Монако" (Франция);
  • "Наполи" (Италия);
  • "Ювентус" (Италия).

Экинчи тайпа: 

  • "Бавария" (Германия);
  • "Байер" (Германия);
  • "Бенфика" (Португалия);
  • "Манчестер Сити" (Англия);
  • "Порту" (Португалия);
  • "ПСЖ" (Франция);
  • "Реал Мадрид" (Испания);
  • "Севилья" (Испания).

Экинчи тайпанын командалары футбол мезгилинин календарына ылайык үй матчын атаандашы менен өз үйүндө 14-15 же 21-22-февралда, ал эми атаандаштын талаасындагы жооп матчты 7-8 же 14-15-мартта өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0