Волейбол боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык оюнчулар жеңишке жетти

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүВолейбол. Квалификация ОИ-2012. Матч Россия - Польша
Волейбол. Квалификация ОИ-2012. Матч Россия - Польша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын командасы үч оюнду катары менен жана төртүнчү беттешти 3:2 эсебинде утуп алган.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргызстандын "Улар" волейбол клубу эл аралык турнирде алтын медаль утуп алганын КРдин Волейбол боюнча федерациясы билдирди.

Кыргызстанские спортсмены на открытом чемпионате Indoor Triathlon World Class Open 2016 в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз спортчулары Казакстанда өткөн триатлон таймашында 2 алтынды илип кетти
Турнир Петропавловск-Камчатский шаарында өтүп, ал Анатолий Таранцтын жаркын элесине арналган. Таранц көп жылдар бою Камчатский облусунун волейбол федерациясын жетектеп келген.

Өтмө кубок үчүн беш команда күч сынашкан. Алар Россиянын "Узон", "Сокол", "Камчатаэронавигация", "Регион" командалары жана Бишкектин "Улар" командасы.

Кыргызстандын командасы үч оюнду катары менен жана төртүнчү беттеште "Камчатаэронавигация" комнадасы менен беттешип, аны утуп алган.

Экинчи орунду "Камчатаэронавигация" менен "Сокол" командалары бөлүп алган.

Үч жылдан бери "Улар" командасы биринчи жолу жеңишти камсыздашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0