"Хан Манас" кубогун Казакстандын дзюдочулары жеңип алды

© Фото / пресс-служба Федерации дзюдо КР"Хан Манас" кубогу
Хан Манас кубогу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш Бишкек шаарында 3-4-декабрь күндөрү өткөрүлүп, ага Грузия, Иран, Россия, Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн спортчулары катышты.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. "Хан Манас" кубогун Казакстандын дзюдочулары жеңип алышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Дзюдо федерациясы билдирди.

Мелдеш Бишкек шаарында 3-4-декабрь күндөрү өткөрүлүп, ага Грузия, Иран, Россия, Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн спортчулары катышты.

Хоккей оюнчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Бишкек" хоккейчилери чечендердин "Грозныйын" 11:4 эсебинде утуп алды
Биринчи орунду жана кубокту Казакстандын спортчулары жеңип алып, 12 алтын медалга ээ болушту. Экинчи жалпы командалык орунду эки алтын медаль тагынган өзбекстандыктар жеңишти. Ал эми 3-орунду бир алтын медаль менен кыргызстандыктар ээледи.

Быйыл аталган турнир жетинчи жолу өткөрүлүп жатат. 

2015-жылы дагы казакстандык команда эң көп медаль алып "Хан Манас" кубогуна ээ болгон. Анда мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн спортчулары катышкан.

Кубок колодон жасалып, алтын менен жалатылган. Ал эң көп медаль алган командага ыйгарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0