БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курамасы FIFA рейтингинин декабрь айындагы көрсөткүчүндө эки сапка көтөрүлүп, 122-орунду ээлейт. Бул пикирди football-rankings.info сайты айтып чыкты.
Кыргызстандын улуттук курама командасы быйыл 7-апрелде 100-орунга чыккан. Бирок андан кийин позициясынан тая баштаган. Октябрь рейтингинде рекорд коюп 99-орунду камсыздаган. Ал эми ноябрдагы тизмеде 25 позициясын жоготуп, 124-орунга илинген.
Буга чейин бир нече жолу туура божомол айткан сайттын аналитиктеринин пикири боюнча КРдин командасы эки сапка көтөрүлүп, 122-орунду ээлейт. Бирок упайларынын саны мурдагыдай 265 бойдон калат. Декабрь айына улуттук курама эч кандай оюн өткөрбөйт.