Кыргызстандык төрт балбан күрөш боюнча дүйнө биринчилигине катышат

© Sputnik / Табылды КадырбековКүрөш боюнча чемпионат. Архив
Күрөш боюнча чемпионат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар Будапештте өтө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Эркин жана грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Кыргызстандан өлкө намысын төрт спортсмен коргойт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентигинин маалымат кызматы кабарлады.

Участник Олимпиады-2016, кыргызстанский дзюдоист Юрий Краковецкий - Sputnik Кыргызстан
Дзюдочу Краковецкий өлкө чемпиону болсо, Бестаев колого татыды
Будапешт шаарында 8-декабрдан 12-декабрга чейин өтө турган дүйнөлүк чемпионатка эркин күрөш боюнча 61 килограмм салмактагылар арасында Адилет Маматаев жана 70 килограмм салмактагылардан Эламан Догдурбек уулу күч сынашат. 

Андан сырткары, грек-рим күрөшү боюнча Кайрат Түгөлбаев менен Атабек Азизбековдор дагы чемпиондук үчүн ат салышат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0