Борбор калаада тогуз коргоол боюнча эл аралык турнир өтөт

© Фото / пресс-служба ГАФКиСНациональная игра тогуз коргоол
Национальная игра тогуз коргоол - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке Түркия, Монголия, Казакстан жана Түркмөнстандан келген спортчулар күч сынашат.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкек шаарында 6-декабрдан 12-декабрга чейин тогуз коргоол боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Мелдеш Алыкул Осмонов атындагы китепканада өтүп, Түркия, Монголия, Казакстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын спортчулары ат салышат. 

Спорттук иш-чара аталган улуттук оюндун түрүн эл аралык деңгээлге чыгарып аны жайылтуу максатында уюштурулууда. Мелдеш Чынгыз Айтматовтун элесине арналып өткөрүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0